БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу

Баткен: кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу

Сүрөт интернеттен алынды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу 8-майда саат 09:18де президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдирди.  

Саат 11:00дө Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин окуя болгон жерде жолугушуусу күтүлүүдө.

7-майда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды. Эки жетекчи чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоону макулдашып, 7-майда катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдаган. Болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаганы, алар чек ара сызыгынан 250-300 метрдей кыргыз тарапка кирип кетишкени кабарланган.

"Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгуу талабына Тажикстандын жарандары көңүл бурбай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын чек арачыларынын арасында жаракат алгандар жок. Чек ара кызматы бир тажик жараны бутуна жаракат алгандыгы тууралуу такталбаган маалымат бардыгын кошумчалады.

Тажикстандын расмий органдары кечээки окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.

Автор: Т-Медиа > 355 статей