БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: кыргыз-тажик чек арасы боюнча делегациянын теңтөрагалары жолукту

Баткен: кыргыз-тажик чек арасы боюнча делегациянын теңтөрагалары  жолукту

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

12-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча делегациянын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргы-тажик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселеси талкууланды. Мындан тышкары жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришкен. 

Кыргыз өкмөтү жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнүн кошумчалады. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов былтыр 12-декабрда Баткенде жолугушуп кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен. 

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Т-Медиа > 352 статей