БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланды

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланды

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 7-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Окуя болжолдуу саат 12:20да Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде болгон. Маалыматка караганда, мал кайтарып жүргөн тажик жарандары Кыргызстандын аймагына 250-300 метрдей өтүп кеткен. Алар чек арачылардын чыгып кетүү талабын укпай, тескерисинче таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кызматкерлерин көздөй эки, үч жолу ок чыгарган. Кыргыз чек арачылары аларды токтотуу үчүн абага ок аткан соң, тажик чабандары өз аймагына кайтып кеткен. 

Чек ара кызматы такталбаган маалыматтар боюнча, тажик жарандарынын бири бутунан жаракат алганы айтылып жатканын билдирди. Бирок ал кандай шартта жаралаганы белгисиз экенин, эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушканы жатканы кабарланды. 

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу, кыргыз тараптан жаракат алгандар жок. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей