БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Баткен: Лейлекте белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түштү

Баткен: Лейлекте белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түштү

Сүрөт интернеттен алынды

5-январь күнү саат 16.20 чамасында Лейлек районунун Арка-2 айылынын жашоочусу короосунда топтолуп турган темирлердин арасынан белгисиз затты табышат. Аны жылдыруу учунунда белгисиз зат жарылып, үй ээси менен 11 жаштагы кызы жаракат алат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факт Лейлек РИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган.

Үй ээси берген көрсөтмөсүндө белгисиз жардырылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин билдирген.
Учурда жогорудагы жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалды.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала