БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Баткен округунан шайлоого кимдер аттанды?
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына он талапкер ат салышууда. Арасында экс-мэр, мурдагы айыл өкмөт башчылар, мамлекеттик кызматкерлер, экс-депутаттар, пенсионерлер жана мугалимдер бар.
"Т-Медиа" талапкерлерди тааныштырат.
Бактыяр Калпаев
31 жашта жаштагы Бактыяр Калпаев "Комфорт Хаус" курулуш компаниясынын директору. 2020-жылы ошол кезде Камчыбек Ташиев жетектеген "Мекенчил" партиясынын тизмесинде болгон. Андан кийин Калпаев 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" париясына кошулган. Быйыл бул партиянын тизмесинен чыккан. Бактыяр Калпаевдин буга чейин Жогорку Кеңештип аппаратында иштегени боюнча маалыматтар бар. Ал бул кызматтан 2019-жыл кыргыз-тажик чек арасы боюнча бийликтен протокол сурагандан кийин кеткен.
Кеңеш Салихов
63 жаштагы Кеңеш Салихов "Геопарк Мадыган" коомдук фондунун директору. 2019-жылдан 2020-жылга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Баткен районунун акими, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. 2021-жылы парламенттик шайлоого да ушул эле округдан талапкерлигин койгон. Атаандаштарынын арасында төртүнчү оруду ээлеп, 8,99% добуш алган.
Асылбек Мадалиев
32 жаштагы Асылбек Мадалиев "Санарип Академиясынын" директору, "Санарип мугалим"долбоорунун негиздөөчүсү. Кесиби- мугалим. Мадалиев Баткен округунан Жогорку Кеңешке шайлоого экинчи ирет катышууда. 2021-жылы да талапкерлигин коюп, бирок жеңишке жеткен эмес. Юстиция министрлигин базасындагы маалыматка ылайык, талапкер "Ай Ти Скуул", Бозтектир компанияларына ээлик кылат.
Замирбек Кожонов
45 жаштагы Замирбек Кожонов Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы. Кесиби боюнча тарых мугалими. Ал тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.
Махмуд Ойтемиров
31 жаштагы Махмуд Ойтемиров жеке ишкер. "Jazeera Travel" туристтик компаниясынын директору катары белгилүү. Буга чейин Эмгек социалдык коргоо министрлигинде бөлүм башчы болгон.
Аширбай Раимкулов
57 жаштагы Аширбай Раимкулов Баткен шаарындагы 57 кесиптик лицейде улук мастер болуп иштейт. Шаардык кеңештин экс-депутаты. 2010- 2011-жылга чейин Баткен шаарынынын мэри болгон.
Тургунбай Нишанбаев
66 жаштагы Тургунбай Нишанбаев учурда пенсионер. 2020-2021-жылдары Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө башкы салык инспектору, башкы жер адиси кызматтарында эмгектенген. Ага чейин Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Юстиция министрлиги Нишанбаев "Манас-1001 Баткен"өндүрүштүк коперативинин жетекчиси экенин маалымдайт.
Жалил Каработоев
69 жаштагы Жалил Каработоев БШКнын сайтында пенсионер деп көрсөтүлгөн. Биринчи жана экинчи Элдик курултайдын делегаты.
Акимали Сатаров
Акимали Сатаров 32 жашта, юрист. Ачык булактарда ал жеке ишкер жана спортчу экени тууралуу маалыматтар бар.
Бакытбек Шадыманов
40 жаштагы Бакытбек Шадыманов жеке ишкер. Ал тууралуу интернет булактарында маалымат жок.
Эске салсак, Баткен бир мандаттуу округунан 28-апрелде мөөнөтүнөн шайлоо өтөт. Бул округдан шайланып барган депутат Нурлан Ражабалиевдин мандаты 22-февралда өзүнүн арызынын негизинде алынган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat