БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө ондон ашык калктуу конуш айыл статусун алат

Өлкөдө ондон ашык калктуу конуш айыл статусун алат

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Президент Садыр Жапаров "Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ расмий жарыялангандан кийин он күн ичинде күчүнө кирет.

Ага ылайык төмөнкү калктуу конуштар айыл статусун алат:

- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов калктуу конушу;

- Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик конуштары;

- Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек конушу;

- Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар конуштарына айыл макамы берилет.

- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач конушуна;

- Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал конуштарына;

- Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай конушуна; 

- Чүйдөгү Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил конушу;

- Ысык-Көлдүн Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизилет. 

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей