БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен шаарында суунун тарифи 20%га кымбаттады

Баткен шаарында суунун тарифи 20%га кымбаттады

Сүрөт интернеттен алынды

Мындай чечимди Монополияны жөнгө салуу кызматы менен жергиликтүү кеңеш чыгарган. "Таза суу" мекемесинин жетекчиси Зылалидин Олжоевдин "Т-Медиага" билдиришинче, буга чейин керектөөчүлөр 1 метр куб суу үчүн 17 сом 84 тыйын төлөшчү. Бул баа 1-февралдан баштап 20 сом 8 тыйынга көтөрүлдү. 

"Баткен шаарында таза суунун тарифи акыркы жолу 2017-жылы көтөрүлгөн. Мындан сырткары биздин ишканада кара жумуш менен иштеген кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлдү. Тарифтин көтөрүлгөнүнүн дагы бир себеби, бул электр энергиясына мурда 80 миңден 85 миңге чейин төлөчүбүз. Азыркы күндө 120 миңдин тегерегиндеги сумманы төлөп калдык", -деди ал.

2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 млн 200 миң евро каражат бөлүп, Баткен шаары үзгүлтүксүз суу менен камсыз болору айтылган. Анын 1,5 миллион доллары насыя катары берилген. Бул каражатка 2200 кожолукту таза суу менен камсыздоо каралган. 2022-жылы алардын короолоруна суу киргизилип, эсептегичтер коюлган. Бирок ал кожолуктардын жарымында суу 3-4 ай тынымсыз чыгып, кийин токтоп калганы айтылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей