БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: жол кырсыгынан 3 бала каза болду. Экөө жаш өспүрүм. Сүрөт

Баткен: жол кырсыгынан 3 бала каза болду. Экөө жаш өспүрүм. Сүрөт

Сүрөт: Бакыт Саитовдун Фейсбук баракчасынан

Унааны 16 жаштагы бала башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Автоунаада 2 жүргүнчү болгон. Аталган маалыматты Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн ырасташты.

Жол кырсыгы 2024-жылдын 23-февралында эрте мененки саат 9:00  чамасында Раззаков-Арка унаа жолунда болгон. 16 жаштагы өспүрүм “Хонда жаз” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жолдон чыгып кеткен. Имаратты сүзүп, автоунаа аңтарылып кеткен.

“Унааны башкарып бара жаткан жана 21 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир 2007-жылы туулган жүргүнчү Лейлектеги оорукананын  жандандыруу бөлүмүнө алып келгенден кийин каза болду”,- дейт Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей