БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткен: жолбун ит тиштеп алган беш адамдын абалы жакшы

Баткен: жолбун ит тиштеп алган беш адамдын абалы жакшы

Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Бак айыл аймагында жолбун ит тиштеп ооруканага жаткырылган беш адамдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу "Т-Медиага" Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Кошбаева билдирди. 

Бейтаптардын бири аял, калгандары 14 жашка чейинки балдар. Алар ооруканага 14-октябрда эрте менен кайрылышкан. Кошбаева баары кутурмага каршы вакцина алганын кошумчалады. 

 "Бүгүнкү күндө баарынын абалы жакшы. Керектүү кутурмага каршы дарыларды, вакциналарды алышкан. Бизде кутурмага каршы дары-дармектин, вакцинанын запасы жетиштүү", -деди ал. 

Кутурма вирусу адамдарга дээрлик 99% учурда үйдө багылган ит, мышыктардан жугат. Тагыраагы, кутурма менен жабыркаган жаныбарлар адамды тиштеп же тытып алганда жараат аркылуу инфекция кирет. Ошол эле учурда кутурманы үй жаныбарлары гана эмес, жапайы жаныбарлар да алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет.

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей