БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде аткезчилик менен мал алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Баткенде аткезчилик менен мал алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Сүрөт: Баткен ОИИБ

Баткенден аткезчилик жол менен асыл тукум малдарды алып чыгып бараткан жаран кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл -Бел айылынын 48 жаштагы тургуну аткезчиликке шектелип 8-январга караган түнү кармалган. Ал "Ганжак" участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малдарды айдап бара жаткандыгы айтылды.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей