БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде чек арачы башынан алган жаракатынан улам каза болду

Баткенде чек арачы башынан алган жаракатынан улам каза болду

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Баткен облусунда келишимдик негизде иштеп жаткан 27 жаштагы прапорщик башынан оор жаракат алып каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Окуя 8-ноябрда болгон. Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык атайын спорттук иш-чараларда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.  


 

Прапорщик баш сөгүнөн жаракат алып,  шашылыш түрдө Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ал келишимдик негизде иштеген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

 

Буга чейин "Т-Медианын" дата-бөлүмү акыркы беш жылда Кыргызстанда аскерде кызмат өтөө учурунда 46 жоокер көз жумганын анализдеген. Анын негизи себеби суицид, ооруу жана жол кырсыгы болгон.

 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей