БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде эки жаштагы кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

Баткенде эки жаштагы кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

Интернеттен алынды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,  денесинен жаракат алган эки жашар кыз 7-июнь күнү Баткен облустук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. 

"Чогулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш иши козголду. Арызды наристенин таянеси жазган. Окуяга шектүү катары 40 жаштагы Баткен районунун Бужум айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", -деп билдирди ИИМ. 

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги эки жаштагы кыз учурда жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылып, комада жатканын "Т-Медиага" маалымдады.

Министрлик кошумчалагандай, буга чейин Баткен облустук милициясына оорукана дарыгери байланышып, эки жаштагы кыз эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн  кабарлаган. Наристе церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлүп баспагандыктан, ата-энеси бир нече ирет бастырууга аракет кылган. Бирок баса албай жерге баш тарабы менен бир канча ирет кулап, андан кийин тилин тиштеп, эс-учун жоготуп койгон. Ага карата кимдир бирөөлөр тарабынан зордук-зомбулук аракеттер же уруп сабоолор болбогондугу аныкталган.

Кыздын денесиндеги алган жарааттардын оордугун тактоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми анын апасы менен атасы бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей