БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде миңден ашуун бакчага баруу үчүн кезекте турат

Баткенде миңден ашуун бакчага баруу үчүн кезекте турат

Сүрөт: "Баткен шаардык мэриясынан"

Баткен шаарында миңден ашуун наристе бала бакчага баруу үчүн кезекте турат. Мэриянын маалыматы боюнча, азыр шаарда мамлекеттик алты бала бакча иштейт. Алар жалпы 626 орунга ылайыкташканы менен 1400дөн ашык бала тарбияланууда. Ал эми  жеке менчик алты бакчага 400дөй жеткинчек барат. 


Жергиликтүү бийлик шаарда бала бакча тартыш болгондуктан 2024-жылы АРИС уюму менен биргеликте 140 орундуу бала бакча курууну пландаштырып жатканын маалымдады.

Баткен шаарында 35 миңден ашуун калк жашайт. Мэриянын маалыматына ылайык, шаардагы ички миграциядан улам калктын саны мындан да жогору. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей