БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде мунай иштетүүчү завод ишке кирет

Баткенде мунай иштетүүчү завод ишке кирет

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, Баткендин Кадамжай районунда суткасына 500 тонна мунай иштетүүчү завод ишке кирерин билдирди. Курулушу 90% аяктап калган завод менен бүгүн, 8-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев таанышып чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, нефтини кайра иштетүүчү завод ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлүп, иштепи баштайт. Учурда төрт мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат. 

Заводду курууга жана иштетүүгө жалпы 91 млн доллар инвестиция салынган. Андагы кызматкерлердин жалпы саны 51 адамды түзөт (анын ичинен 10 түрк адиси, 41 Кыргызстандын жараны). Октябрь айынан тартып 150 жумуш оруну камсыз болот. 

Белгилей кетсек, Кадамжай районундагы "Түндүк Сох" жана "Чонгара Галча" мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн  былтыр 23-мартта "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы менен "Кыргыз-Түрк К - НефтьГаз" ААКсы макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, мекемелер мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча биргелешип иштейт.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей