БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде мыйзамсыз алтын казууга шектелгендер кармалды

Баткенде мыйзамсыз алтын казууга шектелгендер кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Баткендин Кадамжай районундагы "Ничкесу" кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгууга шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 7-августта маалымдады. 

"Ничкесуда" тереңдиги эки метрден беш метрге чейин, туурасы үч метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган. 

Бул факт боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо"беренеси менен кылмыш иши козголгон. 29-июлда окуяга шектелип кармалган төрт жаранды Баткен райондук соту эки айга камоо чечимин чыгарган.

Учурда УКМК бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды иликтеп жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей