БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өрттөнгөн унаанын айдоочусуна жардам бермек болгон милиция кызматкери каза тапты

Өрттөнгөн унаанын айдоочусуна жардам бермек болгон милиция кызматкери каза тапты

Сүрөт Баткен ОИИБ баракчасынан алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда өрттөнүп жаткан күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берем деп жараат алган милиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

27-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа кырсыкка учурап, өрттөнгөн. Ошол учурда иш сапары менен бара жаткан эки милиция кызматкери аларга жардам берүү үчүн токтоп, өздөрү жараат алган. 

Алардын бири 30 жаштагы Орозмамат Акуналиев учурда ооруканада оор абалда. Ал эми, 41 жаштагы Дилмурат Шамшиев денеси өрттөн көп жабыркап калгандыктан 1-ноябрда каза болду.

Шамшиев Ички иштер органдарына 24 жашынан баштап иштеп жаткан. Аймактык тескөөчү, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматарында эмгектенген.

Акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан. Артында 3 баласы калды.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей