БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде сел малды агызып, эгин талааларына зыян келди

Баткенде сел малды агызып, эгин талааларына зыян келди

Сүрөт: президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

23-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөн. Сел суулары 16 турак үйдүн короосун, үч үйдүн жер төлөөсүн, эки мал сарайды каптаган. Мындан тышкары үч баш бодо малды жана 14 майда малды агызып кеткен. 

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү селден улам 19 миң 340 метр ички чарбалык жолго, 1100 метр унаа жолуна, 6000 метр ички чарбалык арыктарга, 4000 метр сай жээгине жана 50 сотых эгин талааларына зыян келгенин билдирди. Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылды. Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген жок.

23-июндагы жамгырдан кийин өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүргөн. Бишкек-Ош унаа жолунун 374-375-чакырымындагы алты тилкеден таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-июнь саат 08:00гө карата жол толугу менен ачылганын кабарлады. Ал эми Оштун Өзгөн районунда да сел жүрүп, 100 адам эвакуацияланган.

Буга чейин Кыргызгидромет кызматы өлкөдө 24-25-июнь күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын болорун, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей