БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде сел жүрүп, убактылуу жасалган беш көпүрөнү агызды

Баткенде сел жүрүп, убактылуу жасалган беш көпүрөнү агызды

Сүрөт: ӨКМ

Баткенде жаандан улам сел жүрүп, турак жайлардын жер төлөсүн каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-майда жолду тазалоо иштери уланып жатканын билдирди. 

5-май күнү сел суулары Лейлек районунун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарын, Сүлүктү, Раззаков шаарын жана Ош — Раззаков унаа жолун каптаган. Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлгөн. 

Сүлүктү шаарында селдин кесепетинен бир дүкөнгө, жети үйдүн короосуна, алты жертөлөгө сел кирип, убактылуу жасалган беш көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.

ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары бүгүн, 6-майда саат 7:00дө сел кирген турак үйлөрдүн жертөлөсү тазалап бүткөн. Табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Бүгүн 33 куткаруучу тартылып, Ош — Раззаков унаа жолун тазалоо иштери уланып жатат.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-6-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей