БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде соода борборлордун биринен өрт чыкты

Баткенде соода борборлордун биринен өрт чыкты

Сүрөт: ӨКМ

Баткен облусунун Лейлек районунуна караштуу Кулунду айылында үч кабаттуу "Ак сарай"  соода борбору күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт 25-февралда саат 22:00 чамасында башталып, үч сааттан кийин өчүрүлгөн. Болжол менен 400 чарчы метр аянтты каптаган. Тилсиз жоону өчүрүүгө беш күчүрмөн топ тартылды. 

Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда себептери, чыгымдары такталууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей