БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Баткен: жарылуучу заттан жабыркаган эне-баланын абалы оор
Баткендин Лейлек районунун Арка-2 айылында бегилсиз жарылуучу заттан жабыркаган эненин абалы туруктуу оор, ал эми кызынын абалы орто деп бааланууда. Ош аймактар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчиси Атабек Жумалиевдин "Т-Медиага" билдиришине, учурда аял жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Ал бейтаптын абалы учурда туруктуу оор деп бааланууда. Учурда тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Алдыда пландуу операция жасалат. Бет жагында жана бутунда сынган жерлери бар", -деди ал.
Ал эми кызы Ош облустук балдар ооруканасында дарыланууда. Абалы жакшыргандан кийин операция жасалат.
"Температурасы, давлениясы нормалдашып калды. Келгендеги абалына караганда жылыш бар. Азыр суюк тамак гана ичип жатат. Кыздын он жеринен майда-майда сыныктар алынып, тигилген. Ошондой эле ичегесинен бизге келгенче оперция жасалган. Дагы анча-мынча жеринде сыныктар бар", -деди балдар ооруканасынын жетекчиси Жыргалбек Толоров.
Эске салсак, 5-январь күнү Арка-2 айылынын жашоочусу короосунда топтолуп турган темирлердин арасынан белгисиз затты таап алган. Аны жылдыруу учунунда белгисиз зат жарылып, үй ээси менен 11 жаштагы кызы жаракат алган. Алардын абалы оор делип, 6-январда санавиация менен Ошко жеткирилген.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat