БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде жаңы жылдык балаты 20-декабрда жанат

Баткенде жаңы жылдык балаты 20-декабрда жанат

Архивдик сүрөт/Баткен мэриясы

20-декабрдын түнүндө Баткен шаарынын борбордук аянтына орнотулган бийиктиги 13 метр балатынын оту жандырылат. Калаа бийлиги жаңы жылдык жасалгалоолорго 964 миң сом жумшап жатат. Ал каражат майрамга карата көчөлөрдү кооздоого, балатыны жасалгалоого кетет. Тендерден Каныбек Алтымышов утуп алган. 

Мэрия мындан сырткары шаардагы бардык мекеме-ишканалардын короолору жаңы жылдык жарыктандыруулар менен жасалгаланып жатканын билдирди. Мекеме-ишканалар, жеке менчик имараттар арасында сынак жарыяланды. Жеңүүчүгө "Эң мыкты жасалгалоо" деген сертификат жана акчалай сыйлык тапшырылат.

Былтыр Баткенде 31-декабрга чейин облустук, шаардык, райондук деңгээлдеги маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Мындай чечим кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу кабыл алынган. Мындан улам калаага жаңы жылдык балаты орнотулган эмес.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей