БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткендеги жараат алган бүркүт адистердин көзөмөлүнө алынды

Баткендеги жараат алган бүркүт адистердин көзөмөлүнө алынды

Сүрөт: "NABU-Кыргызстан"

19-ноябрда Баткендеги "Арка" токой чарбасынан жараат алып, уча албай калган бүркүт табылган. Аны аталган мекеменин жетекчиси Бакытбек Саттаров таап, өз үйүндө кармап, багып турган. Бул тууралуу NABU-Кыргызстан уюму билдирди. 

 

Маалыматка караганда, 23-ноябрда бүркүт расмий документтердин коштоосу менен NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнө өткөрүп берилген. Учуда ал Ош шаарында, андан ары уюмдун Чүйдүн Суулуу-Терек жайлоосундагы реаблитациялык борборуна жөнөтүү аракети көрүлүүдө. Ал жерде атайын адистердин тыкыр көзөмөлүндө багылып, калыбына келтиргенден кийин жапайы жаратылышка кое беришет.

NABU-Кыргызстан Эл аралык уюму жапайы жаратылышка аяр мамиле кылуу жана кызыл китепке керген, айрыкча ак илбирсти коргоо максатында атайын долбоордун үстүндө иш алып барат. Анын алкагында, жарат алган жапайы жан-жаныбарларды реаблитациялоочу атайын борбору иштейт. Бул жерде бүркүттөрдөн тартып, ак илбирс, бөрү, сүлөөсүн сыяктуу ар кандай себептер менен жарат алып калган жаныбарлар багылат жана алар калыбына келгенден кийин өз алдынча жашашы үчүн жаратылышка коё берилет.

Белгилей кетсек, аталган реаблитациялык борбордо алты ай багылып, калыбына келтирилген сүлөөсүн ушул жылдын июль айында Нарындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагына коё берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей