БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

40 килограмм сымапты Баткенден Бишкекке ташып бараткан жаран кармалды

40 килограмм сымапты Баткенден Бишкекке ташып бараткан жаран кармалды

Сүрөт: УКМК/ 23.08.2024

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткенден 40 килограмм сымапты Бишкекке жүктөп келаткан жаран "Төө-Ашуу" ашуусунда кармалганын кабарлады. Окуя 22-августта болгон.

Атайын кызматтын билдиришинче, шектүү ири өлчөмдөгү сымапты Бишкекке алып барып  8 миң долларга сатууну пландаган.

Учурда бул факты боюнча тергөө башталган. УКМК уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей