БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар пара алууга шектелүүдө

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар пара алууга шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А пара алууга шектелүүдө. УКМКнын басма сөз кызматы 24-ноябрда тараткан тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жатканда кармалган. 

 

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. 

"Шектүү эки жаран менен кылмыштуу бүтүмгө келип, материалдык пайда алуу максатында көмүр казуучу ишкананын башкы директорунун үстүнөн рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады деген арыз менен УКМКнын төрагасы Камчбек Ташиевге кайрылышканы аныкталган", -деп айтылат маалыматта. 

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМКнын маалыматындагы М.Т. А. деген инициал Баткен облусунун башчынын кеңешчиси Мамытов Талантбек Алиевичке туура келет. Шектүү тарап жана алардын адвокаттары комментарий бере элек.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей