БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Базар-Коргон: жер алып берем деп 1,5 миллионго алдап кеткен тургун кармалды

Базар-Коргон: жер алып берем деп  1,5 миллионго алдап кеткен тургун кармалды

Сүрөт: Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райнунда 54 жаштагы аял алдамчылыка шектелип, кармалды. Бул тууралуу “Т-Медиага” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун 3 жараны арыз менен тиешелүү кызматка кайрылышкан. Алар шектүү 2021-жылы октябрь районунан борбордук базарынан  жана башка аймактарынан жер алып берем деп акча алып, бирок азыркы күнгө чейин жер алып бербей же акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 1 553 000 сом материалдык зыян тартышкан.

“Бул окуя Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон”-деп жазылган ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Алдымчылыка шектүү аялдын баш коргоо чарасы  бүгүн, 15-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунда каралат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей