БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Базарбеков: камактагы журналисттердин айыбы жок болсо акталышат

Базарбеков: камактагы журналисттердин айыбы жок болсо акталышат

Сүрөт: Максат Боромбаев

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өлкөдө камакка алынган журналисттер менен блогерлердин күнөөлөрү далилденбесе соттордон аларга карата адилеттүү өкүм чыгышын жана акталышын талап кыла тургандыгын билдирди.

"Президент деле "эгерде күнөөлөрү далилденбесе, актагыла" деп атпайбы. Журналисттер менен блогерлерге карата козголгон кылмыш иштерде кылмыштуулуктун курамы жок болсо, аларга ошого жараша тийиштүү чечимдерди кабыл алып беришибиз керек. Ошону менен бирге өзүмдүн кесиптештериме эгерде кармалган журналисттер менен блогерлердин күнөөлөрү далилденбесе, аларга карата адилеттүү өкүм кабыл алынсын деген талап коёт элем", -деди ал. 

 

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалуу алдында Жогорку Кеңеште алдыда жасай турган реформалар тууралуу айтып жатып саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керектигин  билдирген.

Эске салсак: ушул жылдын 16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги  "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" беренеси менен иш козголгон.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жапырт кармалгандарды 13-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Бирок алардын арызы канааттандырылган эмес.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей