БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Базарларда ЭТТК колдонбогондорду текшерүүгө мораторий киргизилди

Базарларда ЭТТК колдонбогондорду текшерүүгө мораторий киргизилди

Сүрөт: Спутник Кыргызстан

Кыргызстанда базарларды жана кичи базарларды салыктык текшерүүгө киргизилген мораторий 2025-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 12-июнда маалымдады. 

Маалыматка караганда, мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана (ЭТТК) колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт.

"Базарларда жана кичи базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонууга жөнөкөйлөштүрүүлөр киргизилген. Алар товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана калкка сатууда эсептен чыгаруудан бошотулат. Жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуу жалгыз талап болуп эсептелет", -деп айтылат маалыматта. 

10-11-июнь күндөрү Бишкектеги бир катар базалардын соодагерлери (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылыгын билдирип, нааразычылыкка чыгышкан. 

Бүгүн, 12-июнда да соодагерлер Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага топтолушту.

ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей