БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүбүйра Кыдыралиева жерге берилди

Бүбүйра Кыдыралиева жерге берилди

Сүрөт интернеттен алынды

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди ачыктаган Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү бүгүн, 15-августта Чүйдүн Бир-Булак айылында жерге берилди. Маркум узак оорудан улам, 96 жашында көз жумду. 

Коштошуу зыйнатына бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, замандаштары, жакындары катышты.

Бүбүйра Кыдыралиева 1938-жылы атылган репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жерди ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты убагында НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып, коомчулукка жеткирүүнү керээз катары калтырып кеткен. 

Ал жер 1991-жылы аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

Учурунда эл душманы аталып, атылып кеткендердин арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстановдор болгон. 

Бүбүйра Кыдыралиева тууралуу

Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы Чүй облусунун Воронцовка (азыркы Таш-Дөбө) айылында туулган. Ленинграддагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Бир катар жогорку сыйлыктар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тылдагы эмгектин ардагери.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей