БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Бейбаштыкка" шектелген блогер Али Эргешев үй камагына чыкты

"Бейбаштыкка" шектелген блогер Али Эргешев үй камагына чыкты

Али Эргешовдун Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт

"Бейбаштыкка" шектелип кармалган блогер Али Эргешев 15-февралда үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Т-Медиага" Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Блогер 13-мартка чейин үй камагында болот.

"Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын токтому менен шаардык милициянын тергөөчүсүнүн өтүнмөсү жарым-жартылай канааттандырылды", -деп билдирди мекеме.

Ички иштер министрлиги 13-февралда блогерди "Манас" аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаганын билдирген. Маалыматка караганда, Али Эргешев буга чейин издөөдө жүргөн. 

Эргешев Ютубдагы "Эл билсин" каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат. Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей