БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Бейиш эненин таманында" тасмасы эл аралык фестивалда баш байгеге ээ болду

"Бейиш эненин таманында" тасмасы эл аралык фестивалда  баш байгеге ээ болду

Сүрөт: интернеттен алынды

"Бейиш эненин таманында" тасмасы Москвада өткөн III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын баш байгесин утуп алды

Фестиваль 30-апрелден 10-майга чейин болуп өткөн. Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз түшкөн. Анын ичинен Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдөн 33 эмгек тандалып алынган.

Эске салсак, "Бейиш эненин таманында" киносун режиссёр Руслан Акун тарткан. Тасмада менталдык жактан өзгөчөлүгү бар 35 жаштагы Адил апасын үйүнөн жөө Меккеге алып барган сапары сүрөттөлөт. Кино жети өлкөдө тартылган.

Аталган тасма Кыргызстанда 1-марттан тарта элге тартууланган. Кино элдин купулуна толуп, көрүүчүлөрдү тарткан. Ошол эле учурда сындарга да кабылган. Мында айрым көрүүчүлөр кино жаратуучулар сезимталдуулукка гана басым жасашканын жазышкан. Тасма коңшу Казакстанда да кирешеси боюнча биринчи орунга чыгып, кассалык хитке айланган. Ал тургай тасма, болгону төрт күн ичинде, чет элдик блокбастерлерди артта калтырып, 1 млн доллардан ашык жыйнаган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей