БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бейшеналиев: Бактыгүл Султангазиева кызматтан алынды
Улуттук Онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева кызматынан алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирди.
Министрдин айтымында Султангазиеванын ордуна үч талапкер өкмөткө сунушталган, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп орун басары дайындалды.
"Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдырышаевичке тапшырма берген. Алардын бардыгын балдар текшерип туруп, ал жерде мыйзам бузуулар бар экенин бизге айтты. Биз берене менен кызматтан алдык",- деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Буга чейин Бактыгүл Султангазиева тууралуу журналисттер бир катар материалдарды жасап келишкен. Анда мекеменин жетекчисине карата дооматтарды да айткандар болгон.
Султангазиеванын дарегине Жогорку Кеңештин депутаттары да сын-пикир айтышкан.
Бактыгүл Султангазиева аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келген.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat