БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бекзат Алмазбек уулу чейрек финалда жеңилип калды

Бекзат Алмазбек уулу чейрек финалда жеңилип калды

Сүрөт: "AKИpress"

Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча 57 салмакта күрөшүп жаткан Бекзат Алмазбек уулу жарым финалга өтпөй калды. 

Ал америкалык атаандашы Спенсер Ричард Лиден 12:2 эсебинде жеңилип калды. 

Эгерде АКШ балбаны финалга чыкса, Бекзат Алмазбек уулу коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Кыргыз балбаны алгачкы беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп алган болчу.

Бекзат Алмаз уулу 24 жаштагы эркин күрөш балбаны. Ал 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын жана күмүш байгелеринин ээси, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан.

Балбан алгачкы ирет Олимпиада оюндарына катышты.  

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Анын аякташына үч күн калды. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей