БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бекзат Алмазбек уулу коло үчүн беттеште жеңилди

Бекзат Алмазбек уулу коло үчүн беттеште жеңилди

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Бекзат Алмазбек уулу Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште жеңилди. Ал 3-орун үчүн өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен күрөшүп, жыйынтыгында 4:1 эсебинде утулуп калды.

Кыргыз балбаны көңүл жубатуучу беттеште кытайлык атаандашын утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган болчу. Ал Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча 57 салмакта күрөштү.

Бекзат Алмазбек уулу чейрек финалда америкалык атаандашы Спенсер Ричард Лиденге 12:2 эсебинде жеңилип калган эле. Ага чейин казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп алган.

Бекзат Алмаз уулу 24 жашта. Ал 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын жана күмүш байгелеринин ээси, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан.

Балбан алгачкы ирет Олимпиадага катышып жатат.  

Учурда Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Ал 11-августта аяктайт. Мелдештерге Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Азыр өлкөнүн куржунунда төрт медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазаровада күмүш байге, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды. 

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу финалга өткөн. 11-августта ал алтын медаль үчүн беттешке чыгат. Эркин күрөш боюнча Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн беттешкени турат.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей