БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты

Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты

ИИМ тараткан сүрөт

Бекзат Өмүрбеков Бишкектин Биринчи Май  райондук сотунун 20-марттагы чечими менен үй камагына чыгарылган. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы 27-мартта "Т-Медиага" тастыктады.

"Тергөөчү шектүү келтирилген чыгымды төлөгөндүгү үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн билдирген. Бирок канча сумма төккөнү көрсөтүлгөн эмес", -деп билдирди райондук сот.

Буга чейин аталган райондук сот Өмүрбековду 1-майга чейин камакта калтырган. 

Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы Бекзат Өмүрбековго Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Расмий маалыматка караганда, былтыр 21-июнунда аларга Т.И. аттуу жабырлануучу кайрылган. Арызда Ө.Б. жана Ш.Т. атуу жарандар андан "аймактардын биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар" деп 50 миң доллар алышканы айтылган.

Бекзат Өмүрбеков интернетте азыркы бийликтин активдүү колдоочусу катары белгилүү.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей