БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Бекзат Өмүрбековду 1-майга чейин камакта калтырды

Сот Бекзат Өмүрбековду 1-майга чейин камакта калтырды

ИИМ тараткан сүрөт

Алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Өмүрбеков борбордогу №1 тергөө абагында кармалат. 

Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы Бекзат Өмүрбековго Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Расмий маалымматка караганда, былтыр 21-июнунда аларга Т.И. аттуу жабырлануучу кайрылган. Арызда Ө.Б. жана Ш.Т. атуу жарандар андан "аймактардын биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар" деп 50 миң доллар алышканы айтылган.

Бекзат Өмүрбеков интернетте азыркы бийликтин активдүү колдоочусу катары белгилүү.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей