БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Берекет" базарынын жетекчилери кармалды

"Берекет" базарынын жетекчилери кармалды

Сүрөт: УКМК тараткан сүрөт

Бишкектеги "Берекет Гранд" жана "Берекет Универсал" соода борборлорунун негиздөөчүсү жана башкы директору алдамчылыкка шек саналып кармалды. Бул тууралуу 12-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, "Берекет" жабык акционердик коомунун жетекчилери Болотбек Бегалиев менен А.И.Ж. 2017-жылдан бери ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Мындан тышкары ишкерлерди 500-1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлашканы айтылат.

"Өз кезегинде соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысынын 30% арзандагандыгы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат таратышып, "Берекет" жабык акционердик коому ижарачылардын 90% ижара акыны 10%га гана төмөндөтүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 19-январда "Берекет" ишканасынын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев жана компаниянын президенти кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле учурда бул ишке тийешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы да айтылды.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей