БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Сүрөт: Интернеттен алынды

Спорттук мелдешке Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка республикасы, Таиланд, Люксембург жана Кыргызстандын курама командалары катышат. Мелдеш алты күнгө созулуп, 16-мартта жыйынтыкталат.

Өлкөнүн хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун "А" тайпасында ойноп келет.  Кыргызстан курамасы жеңишке жетсе II дивизиондун "В" тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.  Хоккей боюнча дүйнө чемпиондугу ушуну менен экинчи жолу Кыргызстанда өтүп жатат. Оюндар  "Бишкек Арена" шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтмөкчү. 

Команда 2012-жылдан баштап дүйнө чемпиондугуна катышып келет. Курама 2011-жылы кышкы Азия оюндарынын премьер-дивизонунун чемпиону болгон.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей