БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: бүгүн Кыргызстан Түндүк Корея менен беттешет

Футбол: бүгүн Кыргызстан Түндүк Корея менен беттешет

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги / Улуттук курама Катар менен болгон оюндан кийин

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Түндүк Кореянын командасы менен оюн өткөрөт. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. 

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын оюн алдында комментарий берип, атаандаш көпчүлүк күткөндөн кыйын экендигин айтты. 

"Алардын өздөрүнүн күчтүү тараптары бар жана биз өзүбүздүн артыкчылыктарыбызды сактап калуу менен, аны нейтралдаштырууга аракет кылабыз. Ар кандай божомолдорго карабастан биз өзүбүздүн күчтүү жактарыбыз колдоно алабыз деген ойдомун", -деген Максим Лисицын.

Бул беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алкагында өтөт. 

10-октябрда Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган. Ак шумкалар бул баскычта Иран, Катар, Өзбекстан, ОАЭ жана Түндүк Корея курама командалары менен беттешет. 

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турунун оюндары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда чемпионатка жолдомо алат. Тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда эки жолдомо үчүн күрөшүп, плей-офф оюндары аркылуу Дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт. Ага 48 курама команда катышат.

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей