БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн кыргызстандык үч балбан кыз Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшөт

Бүгүн кыргызстандык үч балбан кыз Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшөт

коллаж

Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг), Калмира Билимбек кызы (57 кг) жана Айжан Сабырбек кызы (53 кг)  бүгүн, 20-апрелде күч сынашат. 

Айжан Сабырбек кызы өзбекстандык Шохида Ахмедова менен, Калмира Билимбек кызы индиялык Аншу Аншу менен, ал эми Мээрим Жуманазарова казакстандык Елена Шалыгина, индиялык Ниша Ниша, Түндүк Кореянын өкүлү Сол Гум Парктар менен күч сынашары күтүлүп жатат. 

Бул беттештерде Олимпиадалык квалификациялык турнирдин жарым финалчылары аныкталат.

Парижге жолдомо үчүн беттештер кечээ, 19-апрелде Бишкекте башталган. Биринчи оюндарда кыргызстандык эки балбан - Эрназар Акматалиев жана Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага жолдомо уткан. 

Азырынча 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей