БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү. Кыргызстандагы эң жаш депутат ким?

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү. Кыргызстандагы эң жаш депутат ким?

Сүрөт: "Т-Медиа"

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстанда жаштардын күнү белгиленүүдө. Бул майрам 1945-жылы Лондондо бүткүл дүйнөлүк жаштардын конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы түзүлгөн күндүн урматына белгиленип калган. Даталуу күнгө карата "Т-Медиа" өлкөдөгү жаштар тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.


 

Парламенттин эң жаш депутаттары

 

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын эң жаш депутаттары Чыңгыз Ажибаев жана Нилуфар Алимжанова. Экөө тең 32 жашта.

 

Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Лейлектин бийлиги Чыңгыз Ажибаев, райондун мурдагы акими Абдисалам Юлдашев жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду"аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон" деп таап, сыйлаганы белгилүү болду. 

 

Ал эми Нилуфар Алимжанова 1991-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ал учурда  "Альянс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаты. 

 

13 жашында китеп жазган бала

 

13 жаштагы Нурдан Кебеков Кыргызстандагы эң жаш жазуучуладын катарына кирет. Ал быйыл "Бала үчүн акча табуунун 23 жолу" деген аталыштагы китеп чыгарды. Жаш калемгер аталган эмгегин он бир жашында жазып баштаган. Китеп сегиз жаштан жогору балдарга акча табуу үчүн көрсөтүлгөн 23 сунуштамадан турат.

 

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону

Жаш спортчулардын бири Акжол Махмудов Ош облусунун Араван районунда туулуп, өскөн. Махмудов өзүнүн 24 жашында спорттун грэк-рим күрөш түрүнөн 77 киллограм салмакта Азия жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону болууга жетишти. Балбан Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча грек-рим күрөшү боюнча эң мыкты балбандардын рейтингинде биринчиликте турат. 

 

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы маалыматына ылайык, 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар Кыргызстандын жалпы калкынын 24% түзөт. Алардын 51 пайызы эркектер ал эми 49 пайызы аялдар. Жаштардын көпчүлүгү жумуш издеп башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет, көпчүлүгү КМШ аймагында негизинен Орусия жана Казакстанда. Жалпысынан мигранттардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн 14-28 жаштагы жаштар түзөт.

 

Үстүбүздөгү жылдын 8-августунда президент Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Анын негизинде Кыргызстандагы жаштардын курагы 35 жашка чейин көтөрүлдү. Буга чейин өлкөдө 14төн 28 жашка чейинки жарандар жаш деп эсептелчү. Жаңы мыйзам менен алардын курагы жети жылга узартылды.

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей