БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн Кыргызстан Оман курамасы менен беттешет. Оюн тууралуу эмне белгилүү?

Бүгүн Кыргызстан Оман курамасы менен беттешет. Оюн тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 25-январда Азия кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Оман курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 21:00дө башталат.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Стефан Таркович маалымат жыйын өткөрүп,  алдыдагы оюн маанилүү экенин белгиледи. Ал кыргыз курамасы буга чейин Омандын оюнчуларын бир жолу жеңгенин, команда мелдештин кийинки басыкычына чыгарына ишенерин билдирди.

"Омандын бул турнирдеги оюндарын талдадык. Алар сапаттуу оюн көрсөтүп, атаандаштарын жеңип алууга чоң мүмкүнчүлүктөрү болду. Эртеңки (ред-маалымат жыйын 24-январда өткөн) оюн абдан маанилүү – биз өлкө үчүн күрөшүп, жакшы натыйжаларды көрсөтө аларыбызды далилдегибиз келет. Оманда жеке сапаттары өнүккөн жана жакшы техникага ээ болгон оюнчулар көп экендигин билебиз. Бирок биздин өзүбүздүн да максаттарыбыз бар".

Оман курамасы ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде 74-орунда турат.

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат. Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

Кыргызстандын улуттук курама командасы буга чейин Тайланддын жана Сауд Арабиянын командалары менен ойноп, жеңилип калган.

F тайпасында Сауд Арабия алты упай менен биринчиде, Тайланд төрт упай менен экинчи, Оманда азыркы тапта бир упай бар. Кыргызстандын курама командасы азырынча упай топтой элек.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей