БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн Кыргызстанда төрт ирет жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда төрт ирет жер титиреди

Сүрөт интернеттен алынды

30-январь саат 4:27де Кытайда очогунда күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында беш баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. 

Жердин силкинүүсү ушул эле күнү саат 7:44тө кайра кайталанып, Кытайда 4,5 жана Жети-Өгүздүн Бедел айылында 3,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөө саат 10го жакын кайра кайталанган. Кийин саат он бирлерде Ош облусуна караштуу Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга чейин жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда жер титирөө катталган аймактарда министрликтин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак: 23-январга караган түнү саат 00:09да кыргыз-кытай чек арасына жакын Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 баллга жеткен.   

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей