БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн Кыргызстандын футбол курама командасы Малайзия менен ойнойт

Бүгүн Кыргызстандын футбол курама командасы Малайзия менен ойнойт

Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. 

 

Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Ак Шумкар Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзия өлкөсүнүн оюнчулары менен ойнойт. Беттеш Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдагы «Букит-Жалил» стадионунда өтөт.  

Оюндар Kyrgyz Sport TV жана УТРК Спорт каналдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Кыргызстан курамасынын квалификациялык оюндардын алкагындагы Оман курамасына каршы кийинки беттеши 21-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөкчү.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей