БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн Паралимпиада оюндарынын ачылышы болот

Бүгүн Паралимпиада оюндарынын ачылышы болот

Сүрөт: Министрлер кабинети

Бүгүн, 28-августта Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Анда Кыргызстандын желегин дзюдочу Маматибраим Суранов көтөрүп чыгат.

Мелдештерге Кыргызстандан алгачкы жолу төрт спортчу катышат. Алар - жеңил атлет Гүлназ Жүзбаева, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы, дзюдочу Маматибраим Суранов, пауэрлифтинг спорттун түрү боюнча Миргүл Болоталиева. 

Кыргыз спортчуларынан биринчи жеңил атлет Гүлназ Жүзбаева мелдешке чыгат. Ал 1-сентябрда 1500 метр аралыкта жарышат. 2-сентябрда триатлончу Айтунук Жоомарт кызы күч сынашат. Ал эми дзюдо боюнча мелдештер 5-сентябрда башталат. Кыргызстандык балбан Маматибраим Суранов 6-сентябрда килемге чыгат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 8-сентябрда беттеш өткөрөт.

Паралимпиадада спорттун 22 түрүнөн 549 комплект медаль ойнотулат. Мелдештер 8-сентябрда жыйынтыкталат. Ага 182 өлкөдөн беш миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

Паралимпиада оюндары- Майыптыгы барлар үчүн өткөрүлүүчү эл аралык спорттук мелдеш. Бул мелдешке алгач омуртка оорусунан жабыркагандар катыша баштаса, кийин башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышууга өткөн. Паралимпиаданы "Олимпиада менен катар" деп түшүнүүгө да болот.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей