БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек ЖЭБде жараат алгандар бүгүн Түркиядан кайтып келет

Бишкек ЖЭБде жараат алгандар бүгүн Түркиядан кайтып келет

Сүрөт Башкы консулдуктун Фейсбук баракчасынан алынды

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу Бишкектин жылуулук электр борборундагы кырсыктан жабыркаган эки кыргызстандык бейтаптын дарылануусу аяктаганын Фейсбук баракчасына жазды. Алар бүгүн, 9-майда Кыргызстанга учуп келет.

Консулдук бейтаптардын саламаттагы жакшырганын белгилеп, алардын дарылануусуна көмөк көрсөткөн догдурлар менен мекендештерге ыраазычылыгын билдирди. 

Эске салсак: 2024-жылдын 2-февралында таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей