БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Би-Би-Синин" тандоосу: кыргызстандык айым дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын катарына кирди

"Би-Би-Синин" тандоосу: кыргызстандык айым дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын катарына кирди

Сүрөттөр www.bbc.com сайтынан алынды

Кыргызстандык Шайырбү Сагынбаева "Би-Би-Си" тандаган дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын катарына кирди. Ал "Жашоо үчүн бирге" тигүү цехин негиздеп, рак менен ооругандарга жардам берип келет. 

 

Басылма он бир жылдан бери "100 Айым" долбоорунун негизинде тандоо өткөрөт. Тизмеге коомго пайдасы тийген, таасири бар жана өз жамаататына климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жардам берген аялдар да кошулат. 

Быйылкы таасирдүү айымдардын катарында Американын мурдагы президенти Мишель Обама, голливуд жылдызы Америка Феррера, "Алтын топту" жеңип алган футболчу Айтана Бонматилер бар. Мындай шыктандырган айымдардын тизмесине кыргызстандык Сагынбаева тигүү цехинде тапкан каражатты рак менен ооругандарга жумшап, бейтаптарга көмөктөшүп жатканы үчүн кошулган. 

Шайырбү Сагынбаева өзү да рак оорусуна кабылып, аны төртүнчү стадиясына жеткенде билген. Үч жыл интенсивдүү дарыланып, дары-дармектин көйгөйүн өз көзү менен көргөн. Ал азыр ремиссияда (оору белгилери убактылуу жоголгон).

Оору белгилери азайгандан кийин Сагынбаева төрт бейтап менен чогуу "Жашоо үчүн бирге" деген тигүү цехин ачкан. Алар улуттук оюм-чийимдер түшүрүлгөн баштыктарды тигип сатат. Ушул күнгө чейин 34 аялдын медициналык чыгымдарын жабуу үчүн 33 миң доллардан ашык каражат чогултушкан. Ошондой эле дарылоо борборунан алыс жашаган бейтаптардын көйгөйүн чечүү үчүн ооруканага жакын жерде бейтаптар жата турган акысыз хостел ачкан.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей