БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бийликти басып алууга айыпталган Салия Таштанова үй камагына чыкты

Бийликти басып алууга айыпталган Салия Таштанова үй камагына чыкты

Сүрөт: kloop.kg

Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанова 17-октябрда үй камагына чыкканын “Т-Медиага” билдирди. Мындай өтүнүчтү УКМКнын облустагы тергөөчүсү келтирип, сот аны канааттандырган. Таштанова 4-декабрга чейин үй камагында болот.


Салия Таштанова 6-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” боюнча айып тагылганы кабарланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салия Таштанованы кармап кеткени 13-октябрда «Мекендеш Тв» фейсбук барагына жарыяланган. Атайын кызмат бул боюнча азырынча маалымат бере элек. Таштановага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга чакырык”) менен айып коюлган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей