БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бийликти басып алууга айыпталган Салия Таштановага 50 миң айып салынды

Бийликти басып алууга айыпталган Салия Таштановага 50 миң айып салынды

Сүрөт: "Клооп"

Жалал-Абад облустук соту бийликти басып алууга айыпталган Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштановага 50 миң сом айып салды. Мындай өкүм 22-ноябрда чыкканын "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Соттун маалыматына караганда, Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) күнөөлүү деп табылган. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салия Таштанованы кармап кеткени 13-октябрда «Мекендеш Тв» фейсбук барагына жарыяланган. Атайын кызмат бул боюнча маалымат бере элек. 

Ал 17-октябрда УКМКнын облустагы тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 4-декабрга чейин үй камагына чыгарылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей