БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Билим берүү министри 12 жылдык окутуу боюнча үн катты

Билим берүү министри 12 жылдык окутуу боюнча үн катты

Догдуркүл Кендирбаева

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 12 жылдык окутуу боюнча суроолорго жооп берди. 

Ал 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келгени менен колдоо таппагандыгын айткан. Ал эми бул жолу президенттин тапшырма талабы менен 12 жылдык окутууга өтүү болуп жаткандыгын айтып, ал үчүн ар бир мектепте даярдык бар экенин билдирген.

"Учурда  0 класска 100 миңден ашык бала тартылган жана аларга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800 млн. сом  эмгек акысына төлөнүп берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 млн. 400миң сом   эмгек акысына төлөнүп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан  мектепке даярдоо программасы иштейт",- дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Кендирбаева өлкөдөгү мектептердин жетишсиздиги тууралуу да жооп берген. Анда акыркы он жылдын ичинде окуучулардын саны дээрлик 500миңге көбөйгөнүн айтып, ички миграция жана урбанизация процессинин натыйжасында шаар жериндеги мектептердеги балдардын саны нормадан жогорулаганын кошумчалады. 

"Акыркы үч жылда  республика боюнча 216 мектеп салынды. Быйыл 147 мектеп республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ошондой эле өнөктөштөрдүн колдоосу менен салынды. 2023-жылы эле  Бишкек шаарында 15 мектеп салынып пайдаланууга берилди. Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектеп менен ири мектептер оптималдаштырылат. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен Чүй облусуна 46 мектеп, анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги айылдарга салынууга титулдук тизме кабыл алынды. Өлкө боюнча 200дүн тегерегиндеги мектептердин жаңы имараты курулат".

15-мартта Министрлер кабинети мектептерди этап-этабы менен 12 жылдык окууга өткөрүү камтылган "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" токтомду жактырган.  

Бул реформага ылайык, 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулулган. 

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгесин мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылы сунуштаган. Анда балдар 1-класска алты жаштан баштап барса, 0-класс жоюлмак. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей