БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Билим берүү министри онлайн окутуу боюнча буйруктун кеч чыгышын түшүндүрдү

Билим берүү министри онлайн окутуу боюнча буйруктун кеч чыгышын түшүндүрдү

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева онлайн окутууга кеч чечим чыгарганын аба ырайы боюнча маалыматты кеч алгандыгы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу ал 13-декабрда журналисттерге маалымат жыйын берип жатып билдирди. 

Министрдин айтымына караганда, буйрук Бишкек шаарынын ата-энелеринин өтүнүчү менен кабыл алынган. Мындан сырткары ал мектептердеги температура талапка жооп бербеген учурда гана реакция кыларын, чечимди өздөрү эле эмес башка мамлекеттик органдар менен биргелешип кабыл аларын билдирди. 

"Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен кабыл алдык. Жолдогу тыгындар, мектепке жетүү процессинин оордугунан улам бул буйрук чыкты",- Догдуркүл Кендирбаева. 

Ошондой эле Кендирбаева шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү мектептеги окуутуну өздөрү чечүүгө укуктуу экенин кошумчалады. 

Өлкөдөгү мектептер бүгүн, 13-декабрдан 15-декабрга чейин онлайнга өттү. Социалдык тармактардын колдонуучулары аралыктан окутуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар убара болуп мектепке барып алганын жазышууда. 

Синоптиктер бул жумада облустун тоолуу аймактарында түнкүсүн -30 градуска чейин суук болорун айтышкан. Ал эми Өзгөчө кырдааладар министирлиги өлкөдө 13-14-декабрь күндөрү аба ырайы кескин төмөндөшү боюнча шашышылыш билдирүү таратып, жолдор тайгак болгондуктан узак жолго чыкай турууну эскерткен.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей